“Золотая Коронага” Кыргызстанда тыюу салынды

Улуттук Банк Кыргызстандын аймагында "Золотая Корона" акча которуу кызматтарын көрсөтүп келген кредиттик уюмдун каттоосун жокко чыгарды.

"Золотая Корона" Улуттук Банкта эл аралык акча которуучу оператор катары катталгандыктан, азырынча акча которууларды жүргүзүүнү улантып жатат.

Буга чейин  Евробиримдик " Золотая Корона " төлөм системасынын операторун санкциялык тизмеге кошкон.

Чектөөлөр 23-июлда Орусияга каршы санкциялардын 21-пакетинин алкагында кабыл алынган.

Евробиримдик бул чечимге негиз катары аталган уюмдун  Орусия бийлиги үчүн олуттуу киреше булагы болуп саналарын жүйө келтирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *