Беларусь өкмөтү Кыргызстан менен айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу боюнча өкмөттөр аралык келишимди бекитти.
Келишимге 2026-жылдын 5-июнунда Бишкекте Беларусь премьер-министринин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында кол коюлган.
Эми эки өлкөнүн тиешелүү органдары берген улуттук айдоочулук күбөлүктөр өз ара таанылат.
Ошондой эле жарандар теориялык жана практикалык экзамен тапшырбастан айдоочулук күбөлүгүн алмаштыра алышат.
Бирок бул мүмкүнчүлүк туруктуу жашоого уруксат алгандан кийин гана берилет. Бул жаңылык Беларусияга узак мөөнөткө көчүп же иштегени барган кыргызстандыктар үчүн маанилүү.


