Төрт жылда 48 миңден ашык үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түздү

Кыргызстанда «Социалдык контракт» программасы ишке киргенден бери мамлекет менен 48 миңден ашык үй-бүлө келишим түздү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун жыйынтыгында 57 миңден ашык жумуш орду түзүлүп, 228 миңден ашык жаран жашоо шартын жакшыртууга мүмкүнчүлүк алды.

Социалдык контракт — аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим. Программанын алкагында өз бизнесин баштоо же өнүктүрүү үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз каражат берилет. Катышуу үчүн жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлө макамы, эмгек жана мүлктүк потенциал, үй-бүлөнүн ыктыярдуу макулдугу жана бизнес-план болушу керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *