3 жылда Бишкекти тегерете айланма жол салынат

Анын бир бөлүгү акы төлөй турган болот. Трасса үч бөлүктөн турат:

Түндүк айланма (Канттан Кара-Балтанын жолуна чейин) бөлүгү салынып жатат, бул 2026-жылдын соңунда ишке берилет.

Чыгыш айланма жол (Канттан Көк-Жарга чейин) — мамлекеттик-жеке өнөштөштүктүн алкагында курулат, акча төлөп жүрөбүз.

Түштүк айланма жол (Көк-Жар — Орто-Сай жана Байтик айылдары аркылуу Бишкек — Ош трассасына чейин). Бул жол долбоорлоо стадиясында.

«Кыргыз жол транс долбоор» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Ормонов билдиргендей, түндүк айланма жол 2026-жылдын аягына чейин бүтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *