Жаңы Батыш автобекети жана Ош базары май айында ачылат

Жаңы Батыш автобекети жана Ош базары май айында ачылат. Бул тууралуу президенттин иш баркаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Ал ошол убакытка чейин аталган жактарга кирүүчү жолдор да даяр болорун белгиледи.

Соода комплекси жалпы 155 миң чарчы метр аянтка салынып жатат. Анын ичинде 10 миңге жакын соода дүкөндөрү, 500 автокөлүк баткан жер астындагы токтотмо бар. Ошондой эле 20 миң чарчы метрлик аянт кампа катары бөлүнгөн.

“Базар жети блоктон турат. Жашылча жана кургак жемиштерди саткан базар жеңил конструкция менен ортоңку бөлүккө өзүнчө салынып жатат. Үстү жабык, жайында салкындаткан, кышында жылыткан тутуму кошо жасалат. Заманбап соода борбору сыяктуу болот. Бардыгы өз-өзүнчө, эски базардагыдай болуп бири-бирине аралашпайт”, — деди курулуштун башчысы Талант Керимкулов.

Анын айтымында, базардын тегерегинде алты миң машина баткан паркинг аянттары пландалган. Долбоорду азербайжандык архитекторлор чийип берген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *