Маалыматка ылайык, Москвадагы 33-эл аралык «Продэкспо — 2026» көргөзмөсүнө 20дан ашык кыргызстандык компания катышкан.
«Биздин продукция дегустациялык сынактарда мыкты деп табылып, көргөзмөнүн жыйынтыгы менен 11 компания экспорттук келишим түздү. Булар жакында консерваланган азыктарды, тоңдурулган жашылча-жемиштерди, вакуумдук таңгактагы жүгөрүнү, ширелерди жана кургатылган жемиштерди Россияга жеткире башташат», — деди «Кыргыз Экспорт» борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиев «Биринчи радионун» эфиринде.

