Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Вашингтондо өткөн Тынчтык кеңешинин жыйынында өлкөсү Газаны калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүгүнө жараша салым кошорун билдирди.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Ташкент анклав аймагында турак жайларды, бала бакчаларды, мектептерди жана ооруканаларды курууга катышууга даяр.
Мирзиёев сөзүндө АКШ президенти жана Тынчтык кеңешинин төрагасы Дональд Трампка уюмдун биринчи саммитин чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди. Кеңештин максаты — Газада гуманитардык жардам көрсөтүү жана Жакынкы Чыгышта тынчтык менен туруктуулукту камсыз кылуу экенин белгиледи.

