Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдиргендей, учурда визалар, камсыздандыруу полистери жана логистика ар башка ведомстволордо болуп, биздин өлкөгө келген туристтерге кыйынчылык жаратып келет.
Андыктан, бардык мамлекеттик кызматтарды, бизнес-сервистерди жана төлөм куралдарын бириктирген платформа керек.
Долбоорду Туризм департаменти, Санариптик өнүктүрүү жана Каржы министрликтери жана “Түндүк” тиркемеси ишке ашырат. Аларга техникалык талаптарды жана каржы булактарын аныктоо тапшырмасы берилди.
