Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 03:54дө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Алга-Бас, Кабылан-Көл айылдарында 3,5 балл. Ал эми Кара-Суу районунун Лаглан, Тогуз-Булак, Тээке айылдарында 3 баллга чейин (Кабылан-Көл айылынан 3 чакырым түндүк-чыгышта, Алга-Бас айылынан 5 чакырым түштүк-батышта) сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

