Президент Садыр Жапаров күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча алдыдагы ири өзгөрүүлөрдү жарыялады. Мамлекет башчысы УКМКнын ишине байланышкан сындарды эске алуу менен, атайын кызматтын милдеттерин тактоо чечимин кабыл алганын билдирди.
Негизги өзгөрүүлөр:
УКМК өзүнүн гана милдетин аткарып калат:
Чалгындоо, контрчалгындоо, терроризм, экстремизм жана конституциялык түзүлүштү коргоо багыттары менен гана алектенет.
Экономикалык кылмыштар жана базарлардагы көйгөйлөр УКМКнын милдети эмес.
Чек ара жана Күзөт кызматтары бөлүндү:
Бул өзгөртүү ишке ашты.
Жаңы Тергөө комитети түзүлөт:
Бардык тергөө иштери бир органга топтолуп, ал түздөн-түз президентке баш иет. Бул негизсиз кылмыш иштерин козгоо жана адам укуктарынын бузулушуна жол бербөө үчүн зарыл.
ИИМ да өз милдетине кайтат:
Коомдук коопсуздук жана кылмыштуулуктун алдын алуу менен гана алектенет.

