Италияда өткөн 2026-жылкы кышкы Олимпиада оюндары расмий түрдө аяктады. Медалдык эсепте Норвегия курама командасы алдыга чыгып, жалпы 41 медаль жеңип алды.
Норвегиялык спортчулар 18 алтын, 12 күмүш жана 11 коло медаль тагынып, жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээледи.
Экинчи орунду АКШ курама командасы камсыз кылды 🇺🇸 Алар 12 алтын, 12 күмүш жана 9 коло медаль утушту.
Үчүнчү орун Нидерланддар курама командасына тийди 🇳🇱 Команда 10 алтын, 7 күмүш жана 3 коло медаль менен алдыңкы үчтүктү жыйынтыктады.
Оюндардын акыркы күнү — 22-февралда — беш комплект медаль ойнотулду. Чемпиондор жана байге ээлери хоккей, лыжа жарышы, бобслей, керлинг жана фристайл боюнча аныкталды.
Кышкы Олимпиада дүйнөнүн ар тарабынан келген спортчуларды бириктирип, күчтүү атаандаштык жана унутулгус көз ирмемдер менен эсте калды.

