Бүгүн, 23-февралда Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Төрага Марлен Маматалиев кол койду.
Белгилей кетсек, Алмасбек Абытов Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келген.

