Мексикада дүйнөлүк деңгээлде издөөдө жүргөн бангитөбөлү өлтүрүлдү

Мексиканын армиясы “Халисконун жаңы мууну” (CJNG) картелинин лидери Немесио Осегера Сервантести — Эль Менчону — жок кылды. Бул тууралуу AP федералдык аткаминерге таянып билдирди. Ал дүйнөдөлүк деңгээлде издөөдө жүргөн бангитөбөлдөрдүн бири болчу.

Операция Халиско штатында өтүп, АКШ кошумча чалгын маалыматын берген. АКШ буга чейин Эль Менчону кармоого көмөк көрсөткөн маалымат үчүн $15 млн сыйлык жарыялаган.

Анын жок кылынышы Мексикадагы эң күчтүү жана ырайымсыз картелдердин бирине олуттуу сокку катары бааланууда. CJNG фентанил жана кокаинди АКШга жеткирүү менен белгилүү.

Операциядан кийин аймакта башаламандыктар чыгып, жолдор тосулуп, унаалар өрттөлгөн. Пуэрто-Вальярта жана Гвадалахара шаарларында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *