Кундузбек Сулайманов депутаттык мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин №14 шайлоо округунан шайланган депутаты Кундузбек Сулайманов ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз жазды.

Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын жана бошогон мандатты өткөрүп берүү маселесин кароону пландап жатат.

Буга чейин Сулайманов парламенттеги “Мекенчил” депутаттык тобунун лидери кызматынан да кеткен.

Ал VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңештен акыркы бир жуманын ичинде кеткен бешинчи депутат болду.

Алдын ала маалыматка ылайык, бошогон мандатка КР Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшенбиев талапкер болушу мүмкүн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *