Бишкек шаарындагы ЦУМ соода борборунун жанына, мурунку эски фонтандын ордуна курулуп жаткан объект буздурулууда.
Буга чейин мэр аталган объектиге текшерүү менен барып, курулуш жүргүзүп жаткан компанияга аны алып салууга 72 саат убакыт берген.
Мэрдин айтымында, курулуш бекитилген эскиздик долбоорго жана шаар куруу нормаларына шайкеш келбей турганы аныкталган. Ошондой эле ал жашыл аймак менен фонтан зонасын баштапкы абалына келтирүүнү талап кылган.
Учурда курулушту бузуу иштери мэрия тарабынан жүргүзүлүп, аны мэр Айбек Жунушалиев көзөмөлдөп жатат.

