Токтогул ГЭСин кайтарууда кызмат өтөп жатып, шеригин атып качып кеткен жоокер кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирди.


Бүгүн, болжол менен саат 16.00 чамасында Токтогул ГЭСинин каскадында күзөттө кызмат өтөп жатып, катардагы жоокерди атып качып кеткен шектүү кармалды.
Маалыматка ылайык, шектүү Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак-жайлардын биринин чатырында жашынып жаткан. Ал сүйлөшүү жолу менен колго түшүрүлдү. Качып кеткен жоокердин жанынан куралы да алынды.


Эскерте кетсек, 2023-жылдын 20-ноябрь күнү Токтогул ГЭСинин каскадынын автобазасында жайгашкан №1 постунда күзөттө кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, 2002-ж.туулган Бишкек шаарынын тургуну өзү менен чогу кызмат өтөп жаткан жоокер Ош облусунун 2003-тургуну менен пикир келишпестиктен улам колундагы кызматтык ок атуучу куралы менен атып, окуя болгон жерден куралын кошо алып белгисиз тарапка качып кеткен.


Азыркы учурда кармалган жоокер Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *