Бишкекте лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык борбор жабылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.


Ага ылайык уруксат кагаздары жок туруп, мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенип, медициналык манипуляцияларды жана хирургиялык кийлигишүүлөрдү жүргүзүшкөн. Косметологиялык салондорго 84 миң сом айыппул салынды.


Министрлик жарандарды өзүнүн саламаттыгына олуттуу мамиле жасоого чакырат. Мындай борборлорго кайрылуудан мурда медициналык уюмдардын тизмеси менен таанышып алуу керектигин белгилейт.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *