Ачылыш аземге Садыр Жапаров катышты. Президент бүгүнкү иш-чарада ИИМге тиешелүү дагы 26 объект онлайн ачылып, аларды дагы ишке кирерин билдирди.
«Жер-жерлерде жаңы ачылып жаткан “Айылдык бөлүмчөлөрдүн” өзгөчөлүгү — бир жагында кызматкердин иш бөлмөсү болсо, экинчи жагында ошол эле кызматкер үй-бүлөсү менен жашоого бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, атайын долбоор менен курулган. Кызматкерлер батирден-батирге көчүп же дагы башка турмуштук убаракерчилик тартпасын деп ушундай заманбап шарттарды түзүп бердик”, — деди Жапаров.

