Быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгын белгилүүгө байланыштуу 100гө жакын кишиге сыйлык тапшырылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди.


Президент агенттиктин мамлекеттик сыйлыктарга байланыштуу узатылган суроосуна жооп берип жатып, мурда сыйлыктар сатылып келгени эч кимге жашыруун эместигин айтты.


Кечээ эле жаңы чыгармачылыгын баштаган жапжаш жарандарыбыз эң жогорку сыйлыктарды алышчу. Тээ СССР мезгилинен бери элге эмгеги сиңгендер сыйлык албай келишкен.
Мен келгенден кийин дароо ревизия кылдырттым. Илгертен бери эмгеги сиңип бирок сыйлык ала албай жүргөндөрдүн баарына сыйлык берип бүттүк. Эми быйыл мамлекеттүүлүгүбүздүн 100 жылдыгына байланыштуу 100гө жакын кишиге сыйлык беребиз.
Болду ошону менен сыйлык деген теманы кескин кыскартабыз
“, – деп, айрым сыйлыктарды жоюу же талаптарды күчөтүү боюнча маселени Сыйлык берүү боюнча комиссия карап чыгаарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленет.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *