Кыргызстанда орточо айлык акы 32 миң 142 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык акы 32 миң 142 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.


Айтымында, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 20,6%ды түзгөн.
Ал белгилегендей, айлык акылардын өсүүсү мамлекеттик башкаруу, коргоо, социалдык камсыздоо, суу менен камсыздоо жана тазалоо чөйрөсүндө, ошондой эле кыймылсыз мүлктү алуу-сатуу, дүң жана чекене сатуу, унааларды жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш жана маалымат чөйрөлөрүндө байкалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *