Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда ак ниет ишкерлердин реестри түзүлөрүн билдирди. Ага кошула турган бизнесмендерди министрликтеги мекемелер аралык комиссия аныктайт. Реестрге кирген ишкерлер мамлекеттик телеканалдардан медиа жарнама үчүн акысыз эфирдик убакыт алат, салык жана бажы кызматтарын кезексиз колдонот, Кыргызстандагы эл аралык көргөзмө, жарманке, форумдарга акысыз катышат. Андан тышкары салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү кошпогондо, реестрге киргизилген учурдан тартып мамлекеттик мекемелердин текшерүүсүнөн үч жылга бошотулат. Мамлекеттик насыялоо программалары менен жеңилдетилген каржы алса болот.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *