Сургут шаардык китепканасына Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, элчиликтин Сургут шаарындагы Канцеляриясынын демилгеси боюнча Сургут шаарынын администрациясынын 2024-жылдын 27-мартында буйругу менен №11 шаардык китепканага Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынды.

Белгиленгендей, китепканада улуу жазуучуга арналган мемориалдык жай уюштурулуп, анын чыгармаларынын өзүнчө жыйнагы түзүлөт.

Элчиликтин Канцеляриясынын өкүлү Сургут шаарынын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, китепканага дүйнөлүк адабияттын классигинин чыгармаларынын эки толук жыйнагын тапшырды.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *