Кыргызстандан унаа катализаторлорун ташып чыгууга алты айга тыюу салынды

Министрлер кабинети мурда пайдаланылган унаа катализаторлорун жана алардын калдыктарын өлкөдөн ташып чыгууга 6 айлык убактылуу тыюу салды. Токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.

Чечим атмосфераны чыккан газдардан булгануусун азайтуу, жарандардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн кабыл алынганы, ошондой эле катализаторлорду кайра сатуу максатында мыйзамсыз алып салуу жана уурдоо учурлары көбөйгөнү айтылды.

Тыюу салынган тизмеге: мурда пайдаланылган катализаторлор, иштетилген катализаторлордон чыккан металлдарды камтыган шлактар жана калдыктар, палладий, родий жана платинанын калдыктары менен сыныктары, ошондой эле катализатору бар үн басаңдаткычтар жана газ чыгаруучу түтүктөр кирди.

Токтом расмий жарыялангандан 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *