Кыргызстандын Бельгиядагы элчилиги кыргыз элинин улуттук жана элдик чыгармачылыгын жана дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври болгон «Манас» эпосун жайылтуу иштерине өзгөчө көңүл бурууда.
Элчиликтен билдиришкендей, жакында «Кыргызстандын маданий күчү: Манас эпосу» аттуу макалалар Бельгиянын бир нече журналдарында жана интернет булактарында англис, француз жана түрк тилдеринде басып чыгарылды.
Макалада европалыктар үчүн кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын казынасын, анын ичинде дүйнөдөгү элдердин эпикалык чыгармаларынын формасы жана мазмуну боюнча эң көлөмдүүсү катары XIX кылымда кеңири белгилүү болгон «Манас» эпосу тууралуу маалымат сунушталат.

