Кароосуз калган 200 баланы асырап алган Иса Өмүракунов каза болду. Бул тууралуу Нуриля Чолпонбаева аттуу фейзбук колдонуучусу жазып чыкты.
Нуриля Чолпонбаеванын айтымында 200дөн ашуун бала атасыз калды. Жубайы экөө өлкө боюнча 200 же андан көп балдарды тарбиялап, жылуу мамиледе болушкандыгын, алар ар кайсы улуттагы, ар кандай курактагы балдар болушкан. Ошондой эле баары аны “Ата” деп аташкан.
Маалыматка караганда, 25-декабрда Өмүракунов узакка созулган оорудан улам 52 жаш курагында көз жумду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 27-декабрда өтөт.

