Ош шаарында муниципалдык күрөш залы курула баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.


Сай-Бою көчөсүндө салынып жаткан мекемеде спортчулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, жуунучу, кийим алмаштыруучу жайлар, машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр болот. Курулуштун жалпы аянты 588 м2 түзүп, улан, кыздардын машыгуусу үчүн ылайыкталган.
Муниципалдык күрөш залынын курулуш иштеринен калаа башчысы Бакытбек Жетигенов таанышты.
Шаар башчысы курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген убактысында бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *