Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 9 айында чет элдик түз инвестициянын келиши 654 млн 621,9 миң долларды түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги өткөн маалымат жыйынында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жибек Абдуллаева билдирди.


Анын маалыматына ылайык, 2022-жылдын жыйынтыгында Кыргызстанга келип түшкөн тикелей чет элдик инвестициянын агымынын лидери Түркия болсо – 341,6 млн доллар, экинчи орунда Кытай – 326 млн доллар, андан соң 145,6 млн доллар менен Россия болгон.


Ал эми 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча алдыңкы үчтүктө 157,8 млн доллар менен Кытай, андан соң 131,7 млн доллар менен Россия жана 54,9 млн доллар менен Казакстан болду. Чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы негизинен тоо-кен, айыл чарба, жеңил өнөр жай, соода, байланыш жана башка тармактарга туура келет”, – деп маалымдады ал.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *