Белгиленгендей, жабдуулардын жана монтаждын жалпы баасы 35 млн сомдон ашат. Бул объекттер Канада өкмөтү тарабынан вакциналардын коопсуз сакталышын камсыздоо боюнча глобалдык демилгенин алкагында каржыланат.
Муздаткыч камералар Баткен, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарына орнотулат. Бул жерлер Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашып, ар бир аймактын өзгөчө муктаждыктарын эске алуу менен тандалып алынган. Имараттардын көлөмү 10 куб метр жана 30 кубметр, бул вакциналардын олуттуу көлөмүн сактоого мүмкүндүк берип, жакынкы жылдарда бул аймактардын күтүлүүчү керектөөлөрүн жабат.
Бардык камералар 2024-жылдын февралына чейин орнотулат.