Кыргызстанда өнөр жай зоналары түзүлөт

«Өнөр жай зоналары жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктура куруу жана инвестиция тартуу үчүн атайын аймактарды түзүүнү карайт.

Өнөр жай зонасын түзүү чечимин Министрлер кабинети кабыл алат. Анда аймактын өзгөчөлүктөрү, инфраструктура муктаждыгы, каржылоо булактары жана потенциалдуу инвесторлор көрсөтүлүшү керек.

Зоналар шаар ичинде да, сыртында да жайгаша алат. Жер тилкелери талашсыз болуп, жол, электр энергиясы, суу, канализация жана интернетке жеткиликтүү болушу шарт.

Кыргызстанда катталган компаниялар, жеке ишкерлер жана чет элдик инвесторлор. Бул үчүн арыз, бизнес-план жана каржылык мүмкүнчүлүктөрдү тастыктоо талап кылынат.

Дирекция резиденттер менен келишим түзүп, инвестиция көлөмү, жумуш орундарын түзүү жана ишмердүүлүк шарттарын бекитет.

Жер тилкелери 1 жылдан 49 жылга чейин убактылуу пайдаланууга берилет. Курулуш бүткөнгө чейин субарендага берүүгө тыюу салынат.

Шарттар аткарылбаса же жер колдонулбаса, укук компенсациясыз токтотулат.

Каржылоо бюджет, инвесторлор жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жүргүзүлөт. Мамлекет тышкы инфраструктураны камсыздайт.

Өнөр жай зоналарын дирекция башкарып, инвестор тартуу жана инфраструктураны өнүктүрүү менен алектенет.

Мыйзам кабыл алынса, расмий жарыялангандан кийин 15 күндөн соң күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *