Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан 2024-жылдын июль жана август айларына карата республика боюнча азык-түлүк баасына мониторинг эсептелип чыкты. Азык-түлүктүн баасы кобүнчө жашылча жемиштер, сүт азыктарында өзгөргөндүгүн байкасак болот .
Белгилей кетсек, 2024-жылдын июль айына карата азык-түлүктүн баасы эске алуу менен республика боюнча бир айда бир жаранга 7959 сомду түздү, ал эми 2024-жылдын август айына карай эсептелген жашоо 7722 сомду түздү жана июль айы менен салыштырмалуу 3,07% га төмөндөгөнүн байкасак болот.

