Кара-Сууда уктап жаткан беш жашар кызды уурдап кетип зордуктаган киши өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан маалымдашты.
Кара-Суу райондук соту 31 жаштагы шектүү Э. уулу З. аттуу жаранды Кылмыш-жаза кодексинин 194-беренесинин 1-бөлүгү («Жеке менчике мыйзамсыз кирүү»), 165-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту («14 жашка толо элек баланы уурдоо») жана 155-беренесинин 4-бөлүгү («Өзгөчө мыкаачылык менен жасалган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер») менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыраткан.
Соттун чечиминде педофил жазасын өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөрү кɵрсɵтүлгɵн.
Эске салсак, үрөй учурган окуя 15-апрелде Кара-Суу районунда болгон. Анда беш жашар кыз уктап жаткан бөлмөсүнөн жоголуп, талаада белгисиз адамдын унаасынан табылган. Кылмышка шектүү ошол эле күнү колго түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *