Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май 1-1,5 сомго арзандаганын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.
Бул россиялык мунай иштетүүчү заводдордун декабрдын аягында дүң бааны төмөндөтүп, калган запастарын сатып түгөтүшүнө байланыштуу болду.
Ассоциациянын өкүлү Канат Эшатов жакында жаңы баалар коюларын, ошондуктан өлкө ичиндеги күйүүчү майдын мындан аркы баасын так айтуу кыйын экенин кошумчалады.
