Инвестициялар боюнча улуттук агенттик «Асман» шаарынын долбоорун тааныштырды.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик «Асман» экологиялык шаар долбоорун Шанхай жана Нанкин шаарларына болгон жумушчу сапардын алкагында тааныштырды.

Агенттиктин маалыматына караганда, долбоор КЭРдин ири инвестициялык чөйрөлөрүндө стратегиялык кызыгууну жаратты.

Шанхайдагы бизнес-форумда «Асман» «акылдуу» технологиялар жана экологиялык стандарттарга багытталган көп функционалдуу аянтча катары сунушталды. Ишкерлерге санариптик инфраструктура жана заманбап шаар куруу чечимдери көрсөтүлдү.

Нанкин шаарында долбоорго арналган өзүнчө презентация өтүп, анын жыйынтыгында кытайлык инвестфонддор менен курулуш корпорациялары курулуштун айрым этаптарына катышууга даяр экенин билдиришти. Ошондой эле кызматташтык жөнүндө документтер топтомуна кол коюлду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *