Аймакка жааган 1,5 метр кардан улам жолдор жабылып, эл түйшүккө кабылып жатканы айтылууда .
Районго барчу жолго улам кар көчкү түшүп, атайын техникалар улам жолду тазалап жатат.
Буга байланыштуу кечээ, 12-февралда, районго 2-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Ошондой эле катаал аба ырайына байланыштуу мектептер онлайн окууга өткөрүлгөн.

