Кыргызстан менен Тажикстандын соода жүгүртүүсү 24 эсеге өсүп, 36 млн долларды түздү

2025-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүү 36 млн долларды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик 24 эсеге көбөйгөнү айтылды.

Бул тууралуу 13-февралда Бишкекте МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын жолугушуусунда маалымдалды.

Адылбек Касымалиев соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү милдети коюлганын белгилеп, Кыргызстан бул максатка жетүүгө даяр экенин айтты. Кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынында тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *