«Кыргызстан аэропорттору» менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташат

«Кыргызстан аэропорттору» ААКы жана «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКы камсыздандыруу тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Документке Манасбек Самидинов менен Элдияр Калдарбеков кол койду.

Келишим милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруу багытындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган. Ал төмөнкүлөрдү камсыздандырууну камтыйт:
-мүлк
-транспорт жана жүк
-жоопкерчилик
-өмүр жана ден соолук

Мындан тышкары ташууларга жана авиациялык инфратүзүм объекттерин эксплуатациялоого байланышкан тобокелдиктерди камсыздандыруу каралган. Тараптар узак мөөнөттүү кызматташуунун шарттарын иштеп чыгып, негизги багыттар боюнча профилдик келишимдерди түзүүнү пландаштырууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *