АКШда катуу бороон, кар жана суук аба ырайынан улам 24 штатта өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Чыгыш аймактарда транспорт системасы дээрлик токтоп калды.
Табигый кырсыктын кесепетинен 1 миллионго жакын тургун электр жарыксыз отурат. Көптөгөн жолдор жабылып, коомдук транспорт иштебей калды.
Жекшемби күнү аба ырайына байланыштуу 10 миңден ашуун авиакаттам токтотулуп, дагы 900дөн ашыгы кечиктирилди. Аэропорттордо миңдеген жүргүнчүлөр тыгылып калды.
Бийлик элди үйдөн чыкпоого чакырып, ыкчам кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирди.
