Саламаттык сактоо министри «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын иши менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын административдик имаратына барды.

«Кыргызфармация» МИнин административдик имаратка жайгашуусу ишкананын директору Акылбек Туратбек уулунун жетекчилиги астында ыкчам чечилип, кыска мөөнөттүн ичинде жамааттын ишин улантуу үчүн зарыл шарттар түзүлгөнү белгиленди.

Сапардын жүрүшүндө министр жамааттын иш шарттары, ишкананын учурдагы ишмердүүлүгү, ошондой эле өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдары үчүн дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алуу, сактоо жана жеткирүү системасын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *