Ош шаарынын борбордук стадионунун аймагынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды

УКМК Ош шаарынын борбордук стадионунун аймагындагы аянты 2700 чарчы метр болгон жер тилкесин мамлекетке кайтарды. Бул туралуу УКМКдан маалымдашты.

Имараттары бар бул объект стадиондун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.Текшерүүдө аталган жер тилкеси максаттуу багыты өзгөртүлүп, мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылганы аныкталган. Бул 1995-жылдын 16-февралындагы президенттик жарлыктын талаптарына каршы келет: социалдык инфраструктура объекттери сатылбоого жана белгиленген тартипте пайдаланылууга тийиш.

Жер тилкеси расмий түрдө мамлекеттин менчигине өткөрүлүп, андан ары колдонуу үчүн Ош мэриясынын балансына берилди. УКМК мыйзам бузуу менен жеке менчикке чыгарылган мамлекеттик же муниципалдык мүлк сөзсүз түрдө кайтарыларын эскертти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *