Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда чакан ГЭСтин имараттары курула турган аймакка чейинки убактылуу жүрүүчү жолдун курулушу аяктады, суу алуучу курулманы куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди, курулуш мезгилинде электр энергиясын пайдалануу үчүн техникалык шарттар иштелип чыгып, макулдашылды.
Мындан тышкары, курулуштун алдын ала планы аныкталып, суу сактагычтын аймагына кирүүгө уруксат алынды жана инженердик изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, Ош облусунда Ак-Буура дарыясындагы Папан суу сактагычына “Папан” чакан ГЭСин курууга капсула 2024-жылдын 5-октябрында капсула салынган.
