Кыргызстанда алимент төлөбөгөндөр үч жылга чейин эркинен ажыратылат

Кыргызстанда алимент төлөбөгөндөр үч жылга чейин эркинен ажыратылат.
Жаңы мыйзам долбоору депутаттар тарабынан комитетте биринчи окууда жактырылды. Анда төмөнкүлөр сунушталат:

▪️Үч айлык карыз үчүн үч күндүк камакка алуу жазасы колдонулат;

▪️Бир жылдын ичинде кайталанган укук бузуу үчүн жети күндүк камакка алуу жазасы колдонулат;

▪️12 айлык карыз үчүн 100 сааттан 200 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу жазасы же бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулат;

▪️Эмгек акысын жана кирешесин жашыруу же азайтып көрсөтүү, ошондой эле соттун чечими же сот аткаруучунун буйругу менен жумуштан качуу 100 000 сом айып пул салуу же үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *