Коргоо министрлигине автотранспорт каражаттары тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине 81 даана автотранспорт каражатынын ачкычын тапшыруу аземине катышты.

 Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан Коргоо министрлигин мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынган жаңы унаатехниканын алынышы менен куттуктады.

Коргоо министрлигине Кыргызстандагы “Тулпар Моторс” заводунан чыгарылган 19 даана JAC Т-6 үлгүсүндөгү  унаасы жана 36 даана Chevrolet үлгүсүндөгу унаалар, 18 “Газель” фургону, 5 экипаж автобусу жана 3 JAC Sunray кичиавтобустары болуп, жалпы 81 даана техника өткөрүлүп берилди.

Маалыматка ылайык, куралдуу Күчтөрүнүн бюджети 2018–2019-жылдарга салыштырмалуу 300%дан ашык өстү. Бул каражаттар биринчи кезекте материалдык-техникалык базаны чыңдоого, армияны заманбап курал-жарак жана техника менен жабдууга, аскер бөлүктөрүнүн, аскер шаарчаларынын, гарнизондордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталды.

Заманбап курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде абадан коргонуу каражаттары жана радиоэлектрондук күрөш системалары сатылып алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *