Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндөгү “Асан-Үсөн” бала бакчасына кошумча курулган 100 орундуу имаратынын ачылыш аземи болду.
Саамалыкка мэр Жеңишбек Токторбаев, Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, бала бакча жамааты жана ата-энелер катышты.

Калаа башчысы бакчанын ачылышында шаар тургундарына:
“Быйыл Ош шаарына республикалык бюджеттен мектептер жана бала бакчалар үчүн жалпы 1 млрд 300 млн сом бөлүнүп берилди. Бул урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин Ош шаарына болгон сый-урматы жана камкордугу”, — деп билдирди.

Бул бала бакчанын имаратынын эскилиги жетип, оор шартта иштеп келген. Мэрдин тапшырмасына ылайык “Асан-Үсөн” бала бакчасына кошумча 100 орундуу жаңы, заманбап имарат курулду. Ошондой эле эски имараты да толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, терезелери жаңыланып, фасады оңдолуп, балдар ойноочу аянтчалар, беседкалар жана отургучтар орнотулду.

