Орусиянын соккусунан кийин Киев жарыксыз, суусуз жана жылуулуксуз калды

20-январга караган түнү Орусия Украинага каршы массалык сокку урду. Президент Владимир Зеленский билдиргендей, баллистикалык жана канаттуу ракеталар, ошондой эле 300дөн ашуун дрон колдонулган. Эң оор абал Киев шаарында катталды.

Шаар мэри Виталий Кличконун маалыматына караганда, Киевде 5635 көп кабаттуу үй жылуулуксуз калды. Алардын 80%ы январдын башындагы соккулардан кийин жаңы эле жылуулукка туташтырылган үйлөр болгон.

Днепрдин сол жээгиндеги райондордо электр жана суу берүү үзгүлтүккө учурады. Социалдык объекттер автономдук режимге өттү. Коммуналдык кызматтар кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин улантууда.

Киев облусунун Буча районунда 50 жаштагы эркек киши каза болду, дагы бир тургун дрондун сыныгынан жаракат алды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *