Кыргыз эл жазуучусу, публицист, коомдук ишмер Кеңеш Жусупов 13-мартта дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргызстандын Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев билдирди.
Маркум 1937-жылы Нарын облусундагы Эчки-Башы айылында туулган.
Кеңеш Жусупов Ашым Жакыпбеков менен чогуу «Манас» эпосун проза түрүндө жазган.
Проза түрүндө балдар үчүн жазылган «Манас» эпосунун автору.
1991–2012-жылдары «Кыргыздар» аттуу 5 томдук түзгөн, аны кийинчерээк Каныбек Иманалиев менен чогуу 10 томго, 14 томдукка жана 40 томдукка жеткирген.
Экинчи даражадагы «Манас» орденинин (2016-жыл), «Эмгек Баатыры» даражасынын (2024) ээси.

