Президент Дональд Трамптын администрациясы АКШдан өз ыктыяры менен депортация болгон мигранттарга кенемтени көбөйтүп, 3000 долларга жеткирди. Бул тууралуу дүйшөбүмдө Ички коопсуздук министрлиги билдирди.
Ал акча мыйзамсыз жүргөн, жыл аягына чейин АКШдан чыгып кетебиз деп катталган чет элдиктерге берилмекчи. Маалыматка караганда, бул каражатка билеттин баасы да кирет.
«Мыйзамсыз мигранттар бул белектен пайдаланып, өздөрү депортация болушу керек. Себеби андай болбосо аларды таап, камакка алабыз. Ошондон кийин үйлөрүнө кайта албай калышат”,
— деп билдирди министр Кристи Ноэм.
