Иш-чара гүлчамбар коюу аземи менен башталып, «Жалгыз аялдын үнү» чыгармасынын коштоосунда курман болгон жоокерлер бир мүнөт унчукпай эскерилди. Метроном жаңырып, үч ирет салют атылды.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев, Россиянын КРдеги элчилигинин коргонуу маселелери боюнча атташеси Игорь Довбня, ооган согушунун ардагерлери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.
Белгиленгендей, Ооган согушу миңдеген үй-бүлөлөр үчүн оор сыноо болуп, тарыхта терең из калтырган.

