Ош шаарында бейтаптан “Гонконг” (A H3N2) сасык тумоосу аныкталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Дарыгерлер анын тез жугуп, башка вирус менен бирге дагы жашай берерин белгилейт. Ал 65 жаштан ашкан адамдар жана 2 жашка чейинки балдар үчүн кооптуу.
Белгилей кетсек, Гонконг вирусу Гонконг шаарында 1968 жылы катталган. Ал XX кылымдын 3-пандемиясы катары белгилүү.
Бишкек шаарында абал туруктуу бирок бокавирус, РС вирусу, сезондук коронавирус, аденовирус жана метапневмовирус катталууда.
27-ноябрдан 3-декабрга чейин өлкөдө 5 миң 737 киши сасык тумоого чалдыкты.
Дарыгерлер элди ден соолугуна кам көрүүгө жана гигиеналык эрежелерди так сактоого чакырат. Ошондой эле ооруп калган учурда коомдук жайларга баруудан, балдарды бала бакча же мектепте жиберүүдөн баш тартуу талапка ылайык.
