Бишкекте Түркияда жасалган АКШнын жасалма валютасын сатып жүргөн эки адам кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Шектүүлөр Кыргызстандын жарандары. Алар УКМКнын Жалал-Абад облустук тергөө абагына киргизилди. Маалыматка караганда, шектүүлөр Өзбекстан жана Түркиянын жарандары менен биргеликте иш алып барышкан. Аларга каршы Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды жасалмалоо беренеси менен иш козголду.