Жогорку Кеңеште төраганын биринчи орун басары кызматы киргизилүүдө

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 24-декабрында кабыл алынган.

Бул Мыйзам Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында кабыл алынды.

Алсак, кабыл алынган мыйзамда төмөнкүлөр каралган:

— КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары кызматын белгилөө;

— Жогорку Кеңештин комитетинин курамына бир фракциядан же депутаттык топтон 4төн ашык эмес депутаттын кириши;

— Манжа изи жана (же) бет түзүлүшүн (геометриясын) таануу функциясы бар электрондук добуш берүү тутумун колдонууну 2027-жылдын 1-январынан тартып киргизүү сунушталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *